Ак-Ордодогу окуя. Эки адамды өлтүрүүгө шектүү качкан учурда жок кылынды

Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган.

“Бүгүн, 14-октябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүп жатканда шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.