
Бүгүн Талас шаарынын тарыхында маанилүү окуя — алгачкы 9 кабаттуу турак жай имаратынын курулуш иштери башталды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.
Бул турак жай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоору катары турмушка ашырылууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев мындай деди:
“Биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров ар бир үйү жок кыргыз жараны 2030-жылга чейин өз турак жайына ээ болот деген максат койгон. Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык программа алкагында республика боюнча 70 миңден ашуун батир курулуп жатат. Бул — эгемендүүлүк алган 30 жылдан ашуун тарыхыбызда болуп көрбөгөн чоң жетишкендик. Бул кадам мамлекет башчысынын элге болгон камкордугун айгинелейт.”
Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев жана жергиликтүү тургундар бул курулуш Таластын өнүгүүсүнө чоң түрткү болорун белгилешти.
“Таласта буга чейин 9 кабаттуу турак жай эч качан курулган эмес. Бүгүнкү күндө мындай курулуштун башталышы — тарыхый окуя деп айтсак жаңылышпайбыз. Бул үйдөн батирлерди турак жайга муктаж болгон жарандар кезек тартибине ылайык ала алышат. Курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, бардык талаптарга ылайык тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт,” — деп кошумчалады Туманбаев.
Жаңы имараттын курулушу аяктагандан кийин, ал Талас шаарынын архитектуралык келбетин жаңыртып, жүздөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулайт деп күтүлүүдө.