
Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн турак үйлөр жана коомдук объектилер жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Башкы-Терек айылындагы мектептин, бала бакчанын, фельдшердик-акушердик пункттун жана үч турак жайдын дубалдарынан майда жаракалар пайда болгон.
«Ушундай эле абал Жалал-Абад облусунун Курулуш, Чакмак-Суу айылдарында, Талас районунун Шекер, Семетей айылдарында да бар. Жалпысынан алты турак жай, бир бала бакча, төрт мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт жабыркаган. Жарандык коргонуунун кызматкерлери жеринде иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.