
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мугалимдер үчүн курулган Ак-Суу ден соолукту чыңдоо борборун мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу болгон. 2012-жылы Борбордук Комитеттин мурдагы жетекчилиги жеке адамга сатып жиберген.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында УКМК борбордун жалпы баасы 54 миллион 118 миң 630 сомду түзгөнүн аныктаган.
Учурда Ак-Суудагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин карамагына өттү.