
Бишкекте эки адам өлтүрүүгө шектүү изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
3-октябрга караган түнү Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталган. Көзөмөл камераларынан алынган видеодо кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден ага таандык баш кийим табылган.
Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер төмөнкү номурга чалсаңар болот. 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.