Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде аялды унаа сүзүп кетти

Бүгүн эртең менен Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Окуя тууралуу күбөлөр кабарлашты.

Алардын айтымында, кыз уруксат берилбеген жерден жолду кесип өтүп, аялдаманы көздөй бара жаткан. Ошол маалда Мерседес үлгүсүндөгү унаа проспекти менен бара жатып, өз убагында тормозду баса албай калган. Катуу сокку кызды бир нече метр алыска учуруп кеткен.

Азырынча милициядан расмий маалымат келе элек. Окуяга күбө болгондор кыз жарадар болгонун, бирок кырсыктан аман калганын айтышууда.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектисин реконструкциялоонун алкагында бийлик бардык жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү алып салган. Бул маселени жергиликтүү тургундар бир нече жолу көтөрүп, бирок өтмөктөр орнотулбай келет.