Бишкекте автобустун айдоочусу «Тулпар» коддун үстүнө инисинин QR кодун чаптаган

Шаардык автобуста айдоочу бир тууганынын QR кодун «Тулпардын» ордуна чаптап койгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кишиге алгач бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок кийинчерээк кошумча иликтөө үчүн шаардык милициянын 4-бөлүмүнө жеткирилген.

Мэрия мындай аракеттер муниципалитетке жана жол киренин ак ниеттүүлүк менен төлөгөн жүргүнчүлөргө зыян алып келерин баса белгиледи.