
Бүгүн саат 09:00дө Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, күн мурун Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу саат 16:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
№9 Жол тейлөө ишканасы аймакты толук көзөмөлдөп, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзгөн.