Базар-Коргондогу жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан 2021—2022-жылдары Базар-Коргон айыл аймагы тарабынан жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жер тилкелери берилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Жети-Кошкон айылында, ошондой эле Актайлак-Ата тилкесинде жайгашкан ар биринин жалпы аянты 7,38 га, базар баасы 161 млн 622 миң сомду түзгөн 0,06 га 123 жер тилкеси Базар-Коргон районунун Актайлак-Ата участкасынын ээлигине кайтарылган.