
Социалдык тармактарда 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат тараган. Анын ата-энеси жана жакындары кыз Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы үйүнөн 27-сентябрь күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, издеп жатышканын айткан.
Бул боюнча Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, кызга Бишкек шаарынын тургуну тарабынан күч колдонулуп, андан соң өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Маркумдун жансыз денеси Кемин районунун Жел-Арык аймагына ташталган.
Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.
Шектүүгө Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн бир нече пункттары боюнча айып тагылып, Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.