Президент Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуу жасайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу УТРК, ЭлТР жана башка телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.

Түз эфирдин башталышы — 21.00.