
27-сентябрда Аламдүн районунун Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна болжол менен 35 жаштагы аял түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам 3 күндөн бери издеп-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.
Бүгүн, 30-октябрда таң эрте издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 28 адам чыкты. Анын 5и Аламүдүн районунун куткаруучулары. Ал эми кечээ жалпы 30 адам тартылып, дрон менен изделген.