
2025-жылдын 1-октябрынан баштап жолдорго орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) кур тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, бул чара «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда жана фото жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргызстанда коопсуздук курун тагынбагандар үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.
Жаңы тартип төмөнкү максаттарды көздөйт:
- жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;
- жол жүрүү маданиятын өнүктүрүү;
- жол эрежелеринин бузууларын алдын алуу.
«Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр, өз өмүрүңүздөрдүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда коопсуздук курун сөзсүз тагыныңыздар жана жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыздар», — деп айтылат маалыматта.






