Оштун мэри катуу сөгүш алганы боюнча комментарий берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровдон катуу сөгүш алганы боюнча комментарий берди.

«Президенттин сын пикирин кабыл алдым. Иштеш керек, иштеп жатам»,- деди ал.

Токторбаев этика ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 16-сентябрда президенттен катуу сөгүш алган. Андан соң соцтармакта президент ага унаа белек кылды деген маалымат жарыяланган.