
Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Папуа-Жаңы Гвинеянын тышкы иштер министри Жастин Ткаченко менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту.
Министрлер эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда ведомстволордун башчылары өз ара пайдалуу диалогду улантуу үчүн үзгүлтүксүз байланышты улантууга макулдашышты.