
Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, электробустар алгачкы этапта № 4, № 10, № 11 каттамдарда каттай баштайт.
Ал эми № 14, № 66 жана № 33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, № 66 жана № 33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номердеги каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.