12,6 кг алынды. Ысык-Көлдө баңгизат таратуу каналына бөгөт коюлду

Ысык-Көл районунда баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды. Бул туралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда кара куурай сабагын 70 миң сомго сатууга аракет кылып жаткан учурда Т.А. аттуу жаран кармалган. Анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттарды кол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылып алынган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 12,6 кг түздү.

Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Т.А. тарабынан ири өлчөмдөгү гашиш түрүндөгү баңги каражаттарды системалуу сатуу фактылары катталган.

Т.А.га карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда.