Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Саламатова жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал «Аялзат» балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.

Мындан тышкары Саламатова колунда 10 айлык баласы бар. Оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, жашоо үчүн турак жайды ижарага ала албай, УКМКнын төрагасына жардам сурап кайрылган.

Өз кезегинде аял Ташиевге көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдык активдүү жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.