Диний-экстремисттик «Хизб ут-Тахрир» уюмунун лидери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан тыюу салынган уюмдун лидери, экстремисттик идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартып жүргөн Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган М.К.Н. кармалды.

Ал мурда экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ячейканын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды диний-экстремисттик уюмдардын ишин түзүүгө жана катышуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.