
Мааданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Москва шаарында өткөн «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынакта 2-орунду жеңип алган «Nomad» триосун Манас эл аралык аэропортунан тосуп алды.
«Nomad» трио Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.
Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.