1-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номурлуу унаалар өлкөдөн чыгарылышы керек

Учурда 13 миң чет элдик номурлуу унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурдин Самбаев билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрдан тарта №168 токтомго ылайык, мыйзамдаштырылбаган унаалар өлкөдөн чыгарылышы же тетик катары сатылышы керек.

«Жарандардын көпчүлүгү унааларын легалдаштыруу мөөнөтүн узартууну, ошондой эле Орусиядан алып келинген унаалар үчүн каттоо төлөмүн төмөндөтүүнү суранышууда», – деди ал.

Самбаев кошумчалагандай, оң рулдуу унааларды легалдаштыруунун баасы 50 миң сомду түзөт.

«Сол рулдуу унааларды кайрадан катталган өлкөгө, негизинен Орусияга алып барып, ал жактан каттоодон чыгарып, кайрадан Кыргызстанга алып келүү керек. Бул учурда төлөм болжол менен 13 миң сомду түзөт», – деди ал.