
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.
Андыктан мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра атоо каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.