Дүйнө чемпионаты. Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева таймашка чыгат

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Загребде (Хорватия) күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Турнирдин бешинчи күнүндө кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин) менен Нурзат Нуртаева (72 килограммга чейин) беттештерин баштайт.

Алар күрөштү 1/8 финалдан башташат. 2024-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы азырынча тактала элек. Ал эми 2025-жылдагы Азия чемпиону (U-23) Нурзат Нуртаева Казакстандын балбаны Жамеля Бакбергенова менен беттешет.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү кыргызстандык Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы үчүн күрөшөт.