Бишкекте 17 жаштагы кыз киши өлтүргөн деп шектелүүдө

Бишкекте 17 жаштагы кыз 1993-жылы туулган эркек кишиге бычак сайып, натыйжада ал каза болгон. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Бишкектин Коенкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 2008-жылы туулган кыз эркек кишинин көкүрөгүнө бычак сайган. Окуя боюнча маалымат милицияга саат 23:30дар чамасында түшкөн.

Маалым болгондой, адам алган жаратынан улам каза болгону белгиленген, ал эми 17 жаштагы кыз өзүнө да жаракат келтирген.

Бул факт Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда 2008-жылы туулган шектүү ооруканада жатат.

Окуяга байланыштуу бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.