«Жанынан 700 SIM-карта табылган». Бишкекте кибершылуундукка шектелген жигит кармалды

Милиция кибер алдамчылык тармагындагы кылмышты аныктап, бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

27-28-август күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 1958-жылы туулган жаранды алдап, жалпы 600 миң сом акчасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран аныкталып кармалган. Шектүүнүн жанынан Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылып, алынган.

Аныкталгандай, кармалган жаран кылмыштуу схемада «активатор» ролун аткарган. Анын милдетине SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттоо, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатуу кирген.

Соттун чечими менен шектүү жаранга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.