
Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп, салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылуу аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот.
Маалыматта белгиленгендей, оюндардын негизги программасы (ачылыш аземинен башкасы) кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул жер дүйнөнүн 89дан ашуун өлкөдөн келген катышуучулар менен коноктордун башкы чогулуучу жайына айланмакчы.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын, дүйнө элдеринин маданияттарынын диалогу үчүн өзгөчө эл аралык аянтча экенин тастыктайт”,-деп айтылат маалыматта.