Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт – Адылбек Касымалиев

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия жогорулайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 (элүү миң) сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилген.

   Ошондой эле 2025-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 7 100 (жети миң бир жүз) сомдон кем болбойт деп белгиленген.