
16—18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматы билдирди.
Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоо этектеринде жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы төмөндөйт:
Чүй өрөөнү: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +17…+22°
Талас өрөөнү: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +15…+20°
Ош, Жалал-Абад, Баткен: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +20…+25°
Ысык-Көл ойдуңу: түнкүсүн +4…+9°, күндүз +15…+20°
Нарын облусу (дыйканчылык аймактар): түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21°
Тоолуу райондор: түнкүсүн 0…+5°, күндүз +9…+14°
Бийик тоолуу райондор: түнкүсүн —9…—14°дан 0°гө чейин, күндүз +1…+6°
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 м/с, айрым жерлерде 15–20 м/с чейин жетет.
ӨКМ туруксуз аба ырайы автотранспортко, байланыш тармагына, энергетика жана коммуналдык кызматтарга, ошондой эле жайыттарда мал кармоого тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертет.