
13-сентябрда Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 5 ымыркай бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстанга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин тыгыз кызматташуусунда жүзөгө ашырылды.
Мекенге кайтарылган балдар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан алардын туугандарына өткөрүп берүү маселелери каралууда