Кыргызстанда орточо айлык акы 42,5 миң сомду түздү

2025-жылдын январь-июль айларында эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 42 миң 522 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 20,4%пайызга жогорулады.

“Эң чоң өсүш кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, мейманкана жана ресторан бизнеси, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздандыруу, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарында байкалууда”, – деп кошумчалады Шокенов.