
2015-жылдан 2025-жылдын август айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жалпы 33 миллиард 766 миллион сом которду. 2025-жылдын алгачкы сегиз айынын ичинде эле салыктык төлөмдөр 9 миллиард 429 миллион сомду түздү, анын ичинен август айында 1 миллиард 746 миллион сом болду.
«Альянс Алтын» компаниясы аймактарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошуп келет. Компания тарабынан «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттан 2%» берененин негизинде жергиликтүү фонддорго каражат которулат:
Аталган берененин негизинде 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын август айына чейин жалпысынан 2 миллиард 241 миллион сом которулган
Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
– Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) тактап айтканда – 1 миллиард 120 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында- 277 миллион сом, акыркы айда- 53 миллион сом;
– Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) башкача айтканда – 672 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында — 166 миллион сом, акыркы айда — 32 миллион сом;
– Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) – 448 миллион сомду тузсо, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында -111 миллион сом, акыркы айда- 21 миллион сом.
Компаниянын жалпы экологиялык төлөмдөрү бүгүнкү күндө 471 миллион 790 миң сомду түздү, алардын ичинде:
– Рекультивациялык фондго- 77 миллион 262 миң сом;
– Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн- 143 миллион 504 миң сом;
– Экологиялык эмиссиялар үчүн- 251 миллион сом.