
«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын атынан 2025-жылдын 13–21-сентябрында Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына бара турган балбандарга акчалай сыйлыктарды жана атайын спорттук формаларды тапшырды.
Чемпионатка жол тартып жаткан күрөш боюнча улуттук кураманын спортчулары Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Нурзат Нуртаева, Үзүр Жусупбеков, Нурманбет Раймалы уулу, Бекзат Орункул уулу, Бекзат Алмаз уулу жана Раззак Бейшекеевге акчалай сыйлык жана спорттук формалар тапшырылды.
Ошондой эле Кыргызстандын белгилүү балбандарынын бири, Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, эки жолку дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековго, жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпионатынын байге ээси Нурболот Токтогоновго акчалай сыйлык берилди.
«Альянс Алтынтын» жетекчиси Сабир Рахматов компания өлкөнүн атын дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларды колдой бере турганын белгиледи.
«Биздин спортчулар Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келишет. Компания аларды колдоого дайыма даяр. Бул демилге алардын мээнетине баа берүү жана жаңы жеңиштерге дем берүү болуп саналат», – деп белгиледи.
Өз кезегинде балбан кыз, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын байге ээси Нурзат Нуртаева: «Альянс Алтын» спортчуларды 2 жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу колдоп келет. Бул колдоо биз үчүн чоң мааниге ээ жана жаңы ийгиликтерге шыктандырат», – деди.
«Альянс Алтын» спортчуларды жана спорт тармагын туруктуу колдоону өзүнүн социалдык жоопкерчилигинин маанилүү багыты катары көрөт.