
Чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында борбор калаанын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды.
Топтолгон материалдардын негизинде, 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.
Аталган жайдын уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.