
Америкалык электроника өндүрүүчүсү Apple жаңы iPhone 17, iPhone 17 Air жана iPhone 17 Pro чыгарып, презентациясын өткөрдү.
iPhone 17 алты ядролуу негизги процессору жана беш ядролуу графикалык процессору бар A19 чиптери менен жабдылганы түшүндүрүлгөн. Apple компаниясынын айтымында, iPhone 17 мурунку моделге караганда сегиз саатка көп иштейт жана батареяны тез калыбына келтирүү үчүн Qi2 зымсыз кубаттоо стандартын колдойт. Экрандын өлчөмү 6,3 дюймду түзөт. Жаңы iPhone беш түстө бар: кара, кызгылт көк, көк, жашыл жана ак.
iPhone 17нин баасы 799 доллардан, Air 999 доллардан, Pro 1099 доллардан сатылат. Сатуу 19-сентябрда башталат.