
Кечээ, 9-сентябрда саат 19:30 чамаларында Токмок-Кошой унаа жолунун 3-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1954-жылы туулган жаран күмүш түстөгү Тойота-Виш үлгүсүндөгү унанын башкаруусунда түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан учурда 1975-жылы туулган жаран Субару-Аскент унаасы менен карама-каршы тилкеден чыгып Тойота-Вишти сүзгөнү аныкталган.
Кесепетинен Тойота-Виш айдоочусу жана 1993-жылы туулган 2 жүргүнчү, 2014-жылы туулган наристе жана өздүгү тактала элек дагы бир жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми 1979-жылы туулган Б. Г. М., 1990-жылы туулган К. Ш.М., 2012-жылы туулган М. Г. Чүй районун аймактык ооруканасына жеткирилген.
Субару-Аксент унаасынын айдоочусу Чүй райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылган.