Президент Нарында социалдык объектилердин жана жолдордун курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарына барып, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча Нарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көрүп чыкты. Долбоордо 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушу каралган, ошондой эле карамагындагы аймакта унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана спорттук воркаут-зона жабдылат.

Садыр Жапаров региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырды.

Андан соң президент инновациялык-креативдик борбордун, ошондой эле бир катар маданий жана социалдык инфраструктура объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев мамлекет башчысына борбор китепкана, музей, инновациялык теле- жана аудиостудияларды, киноконцерттик залды, коворкинг жана IT-зоналарды, ошондой эле соода аянтын бириктире турганы жөнүндө айтып берди.

Ага катар балдардын көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо курулууда. Андан ары транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев президентке шаарда жүргүзүлүп жаткан жол иштери тууралуу маалымат берди.

Алсак, узундугу 9 км ашык Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталды, ал эми Шералиев көчөсүндө (2,3 км) тротуарларды куруудагы мурдагы кемчиликтерди жоюу, бордюрларды жана суу агуучу лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул боюнча Президент аткаруунун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — УКМКнын Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев УКМКнын Чек ара кызматынын Тайлак Баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жер тилкелери жөнүндө маалымат берди. 12,11 га жер тилкеси курулуштары менен кошо Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Анын ордуна Башкармалыкка Нарын районунан 12,3 га жер тилкеси берилип, жерди трансформациялоо боюнча документтер даярдалууда.

Жерлерди өткөрүп берүү шаардын бир катар курч социалдык маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Бошотулган жер тилкелерине турак жай, бала бакчаларды жана саламаттыкты сактоо объектилерин куруу пландаштырылууда. Объектилерди кыдырып чыккан соң президент Садыр Жапаров бардык белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана сапаттын заманбап стандарттарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.