«Кадастр» ишканасынын Бишкек башкармалыгындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы бөлүмүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКларда жөнөкөй жарандар кезекке туруу үчүн бир нече саат күтүүгө аргасыз болуп жаткандыгы маалымдалган. Бул маселени жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттер болбогону үчүн коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктар жана сын пикирлерлер жаралган.

УКМК тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында «Кадастр» мамлекеттик иш канасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары М.Ф. жана К.В. жеке материалдык пайда көрүү максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды. Кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча системдүү негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10 миң сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.

3-сентябрь мамлекеттик каттоочулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.