
Иерусалимдин Рамот кесилишинде белгисиз жарандар жүргүнчүлөрдү ташыган автобуста ок чыгарган. Израилдин тез жардам кызматы кол салууда беш киши каза болуп, 10дон ашууну жарадар болгонун билдирди.
Ок чыгаруу 8-сентябрда саат 10:15тер чамасында болгон. Алгач 15 адам жабыркаганы айтылса, кийин дарыгерлер окуя болгон жерден төрт адам (50 жаштагы эркек киши жана 30 жаштагы үч эркек) каза болгонун билдиришкен. Бир жабырлануучу ооруканада каза болгон. 10дон ашык адам жаракат алды: жетөө оор абалда, экөөнүн абалы орто жана үчөөнүн жаракаттары жеңил. Кээ бирлери ооруканаларга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.
Times of Israel гезити коопсуздук жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдиргендей, эки террорист жеринде атып өлтүрүлгөн.