Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтөт

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, элдин биримдиги менен азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт.

Бул ири маданий иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры уюштурууда. Иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.

Тандоо туру

• Качан: 11-сентябрда, саат 09:00

• Кайда: Алай райондук маданият үйү (Гүлчө айылы)

• Каттоо: саат 09:00–10:00 аралыгында

Финалдык айтыш

• Качан: 12-сентябрда

• Кайда: Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда, мааракеге келген калың элдин алдында

Байге фонду

6 000 000 сом