Бишкекте бала бакчалар эртең менен саат 7:30да эмес, 8:00дөн тарта иштеп баштады

Мэриянын маалыматына караганда, муниципалдык бала бакчалардын иштөө тартиби 8:00дөн 18:00гө чейин болуп өзгөрдү. Жаңы мамлекеттик стандартты Минкаб май айында бекиткен.

Соцтармакта саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштеген ата-энелер бул график ыңгайсыз экенин айтып, баланы алуу үчүн саат 18:00гө жетишпей калышарын жазышууда. Буга чейинки стандарт боюнча бала бакчалар 7:30дан 18:30га чейин иштечү.