Таласта “Шүкүн” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Талас облусунун тургуну, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон жаран криминалдык идеяны колдоп, жайылтуу максатын көздөп, ошол эле учурда баңгизат колдонуп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Аталган жаран А.Батукаев, К.Асанбек, А.Бокушов жана Ч.Жумагуловдор менен жазаларды аткаруу кызмат мекемелеринде бирге жаза өтөгөндүгү жана алар менен байланыштыгы бардыгы такталган. Криминалдык чөйрөсүндө каймана аты “Шүкүн” деп аталып, маркум Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунда турган.

Азыркы учурда ал убактылуу кармоочуу жайына киргизилип, медициналык каароонун жыйынтыгында наркотикалык заттарды колдонгондугу аныкталды.