
УКМК Бишкектин Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.
Ведомствонун басма сөз борбору билдиргендей, аталган башкармалыктын башчысы Т.У.Х. жана башкы инспектор О.У.Ж. акча алып жаткан жеринен кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бир күн мурун Ленин райондук салык кызматынын башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башчысы кармалганы кабарланган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ведомствонун жооптуу кызматкерлери жеке ишкерлер менен сүйлөшүп алып, милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун коррупциялык механизмин түзүшкөн.