
Бүгүн, 3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштады.
Ал белгилегендей, атын өзгөртүү шаардын имиджин жакшыртууга жана инвестиция тартууга жардам берет. Бирок мэр мындай чечим шаар тургундары менен кеңири талкуудан кийин кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.