
Президент Садыр Жапаров Афганистандын Кунар провинциясында болгон жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Афганистандын элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 1-сентябрга караган түнү Жалал-Абаддан болжол менен 27 чакырым жана өлкөнүн борбору Кабулдан 200 чакырым алыстыкта болгон.
Ооган бийлигинин маалыматы боюнча, 800дөн ашуун адам каза болуп, 3 миңден ашууну жарадар болгон. Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында төрт айыл толугу менен талкаланып, дагы бир нече айыл жарым-жартылай талкаланды.