
Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанынан жашы жете элек кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты Свердлов РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, милицияга 2-сентябрда таңга маал чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2012-жылы туулган Ж.Ж. болуп чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм өз жанын кыйган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында экспертизалар дайындалган.