
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлеген №1 автобустун каттамы 2-сентябрдан баштап өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттачу.
Эми шаар тургундарынын жана ага чектеш райондордун тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттам Ахунбаев, Жукеев- Пудовкин, А.Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.