“Жерүй” өндүрүштүк участогунун аймагында экологиялык эрежелердин бузулушу жөнүндө билдирүү

«Жерүй» өндүрүштүк участогунун аймагында жаратылыш флорасы жана фаунасын көбөйтүү үчүн коргоого алынган аймакта мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды.

Аймакты патрулдоо учурунда коопсуздук жана күзөт кызматкерлери браконьерчилик менен алектенген жарандарды кармашкан. Окуя болгон жерде тартип бузуу боюнча актылар түзүлүп, балык уулоочу шаймандар алынды. Материалдар мындан аркы кароого жана чара көрүү үчүн «Талас облустук аңчылар жана балыкчылар коомдук уюмуна» өткөрүлүп берилди. Тиешелүү документтердин негизинде протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» ЖЧКсы 2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте Чоң-Чычкан дарыясын балык менен байытуу жана анын биологиялык абалын изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Бул иш-чаралардын негизги максаты — аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана экосистемасын колдоо. Компания жаратылышты коргоо аймагын сактоо жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу боюн