
Ооганстандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн 800дөн ашуун адам каза болуп, 2800дөй киши жаракат алганы маалым болду.
Буга чейин 600дөн ашуун адам каза болуп, 1500дөн ашуун адам жаракат алганы кабарланган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун саны кыйла өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган, бирок каза болгондор жана жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок, анткени бул аймакта уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурап, айрым аймактарга кирүү өтө кыйын болууда.