“Шрам” каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү кармалды

 “Шрам” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагыда Кытайдан келген инвесторлордун арызынын негизинде Ош шаарында жайгашкан “Мухаммед Умар” спорт клубунан чыккан “Шрам”, “Череп” өңдүү каймана аттар менен белгилүү болгон УКТ мүчөсү А.у.А.нын аракеттерине бөгөт коюлду.

Белгиленгендей, А.у.А. кытайлык ишкерден алдамчылык жол менен анын “Лексус GX 460” үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген.

Ишкер унааны кайтарып берүүнү талап кылганда А.у.А. коркутуу жолу менен өзүн кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары тааныштырып, ишкерге карата күч колдонуп зомбулук көрсөтөрүн айтып, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары менен (“Дженго” – К.Досонов, “Казак” – Ж.Көлбаев жана У.Маратов) менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн.

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.у.А. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын мындан бөлөк башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ар кандай көрүнүштөрүнө каршы ырайымсыз күрөшүү уланууда.