Бишкектеги студенттер 15-сентябрга чейин онлайн окушат

1-сентябрдан 15-сентябрга чейин Бишкек шаарынын бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында (медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары) окуу процессин аралыктан жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

«Бул убактылуу чара. Борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынып, студенттердин, окутуучулардын жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталган»,— деп айтылат маалыматта.